• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖК экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 29-июлдагы жыйынында депутаттар “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өз баяндамасында өлкөдөгү оор экономикалык абалга көңүл бурду.

Ал белгилегендей, жогоруда аталган мыйзам долбоору министрлер кабинетине экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө жана бюджеттин кирешелери менен чыгашаларынын 20%ын Жогорку Кеңеш менен макулдашпастан башкарууга, салык ставкаларын, мамлекеттик сатып алуулардын шарттарын жана башкаларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий