• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК көпчүлүк коалициясы премьерликке Абылгазиевдин талапкерлигин колдошту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" жана "Республика -Ата-Журт" кирген парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин ордуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Буга чейин КСДП фракциясы анын талапкерлигин жактырып, кароого сунушташкан.
Эскерте кетсек, эртең, 20-апрелде парламенттин кезексиз жыйыны өткөрүлүп, анда жаңы министрлер кабинетин бекитүү маселеси каралат.
Учурда Абылгазиев президенттин аппарат жетекчиси кызматын ээлеп турат.
Маалымдалгандай, парламенттин депутаттары Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. 102 депутат - макул, 5 - каршы добуш беришти. Президент парламенттин чечимин колдоп, Исаковдун өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койду.

Пикир

Оставить комментарий