• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу маселесине арналган «өкмөттүк саат» өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеӊештин кезектеги жыйынында парламенттин 24-25-январдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин 24-январындагы жыйынында «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралат.

Ал эми парламенттин 25-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы «Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө» протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча «өкмөттүк саат» өтөт. Андан тышкары, «Жарандык коргоо» сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлору да каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий