• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Казакстан менен 100 млн доллар жардам жөнүндө келишимди денонсациялоону биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстан менен 100 млн доллар жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.

Документти талкуулоо учурунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2014-жылдын ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Астана тарабынан 100 млн доллар техникалык жардам көрсөтүү тууралуу келишим жетишилгенин белгиледи. Ушуга чейин кыргыз тарапка жардам көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Кыргызстан ТИМи расмий түрдө Астанага келишимди жокко чыгаруу процедуралары башталганын билдирген.

Эскерте кетсек, келишим жана анын протоколдоруна 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган. Акчаны баскыч баскычы менен которуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий