• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК Казакстан тарабынан 100 млн доллар бөлүү жөнүндө келишимди денонсациялоону жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын парламенти Казакстан тарабынан техникалык жардам ирээтинде 100 млн доллар каражатын бөлүү Келишимин денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу бүгүн жайында добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Катышкан 106 депутаттын ичинен бирөө гана каршы добуш берсе, калган 105и макул болгон.

Мыйзам долбоору тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев сунуштады.

Анын айтымында, Казак-Кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү демилгеси 2007-жылы эле башталган, бирок кандайдыр бир себептерден улам аны түзүү иши кийинкиге жылдырылып келген.

Келишимге ылайык, Казакстан 2014-жылы ЕАЭБ алкагындагы жол картасын жүзөгө ашыруу үчүн 100 млн доллар өлчөмүндө жардам бөлмөк. Бул каражат өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабораторияларды куруу сындуу өтө маанилүү долбоорлор үчүн жумшалмак.

Ушул мезгилге чейин биринчи транш 41 млн доллар кыргыз тарапка берилбегенин эске алуу менен, 1969-жылдын 23-майындагы эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө Вена конвенциясынын 60-беренесинин 1-бөлүгү, 62-беренеси боюнча бир тараптын эки жактуу келишимди бузуусу башка катышуучуга ушул бухууга таянуу менен келишимди токтотуу же жок кылуу укугун берет.

Пикир

Оставить комментарий