• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖК комитети “Арсланбап” жана “Сары-Челек” жаӊгак-жемиш реликт токойлоруна өзгөчө статус берүү сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү”, ошондой эле “Арсланбап” жана “Сары-Челек” жаӊгак-жемиш реликт токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоорун депутаттар А.М. Эргешов, М.И. Бакиров жана К.К. Иманалиев демилгелөөдө.

Демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров мыйзам долбоору дүйнөдөгү бирден бир “Арсланбап” жана “Сары-Челек” жаӊгак-жемиш реликт токойлорун сактоо, ошондой эле туризмди өнүктүрүү менен “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” деген имиджди алдыга жылдыруу максатында иштелип чыкканын кошумчалады.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаӊгак жана арча) дарак породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам менен катар бул жаңы мыйзам долбоорунда да “Арсланбап” жана “Сары-Челек” токойлорунун аймагында даракты анын өсүшү токтогон даражага чейин зыянга учуратууга, өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуга тыюу салынууда. Муну менен катар мыйзам долбоору аркылуу экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө тартуу жана анын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, жаратылыштык жана тарыхый-маданий жерлер менен тааныштыруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жөө жолдорду жана токтомолорду уюштуруу, атайын бөлүнгөн жерлерде туризм объекттерин жайгаштырууга багытталган юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте пайда салыгын төлөөдөн бошотуу түрүндө жеӊилдиктерди берүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий