• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК комитети Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу маалыматты КР президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытов берди.

Депутаттар саламаттык сактоо тармагына байланыштуу бир катар суроолорду беришти.

Баатырова саламаттыкты сактоо тармагында кадрлардын резервин түзүү, тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жетекчи кызматтарга дайындоо зарылдыгын айтып, санариптештирүүнүн алкагында калкка ар кандай сертификаттар берилип, поликлиникаларга каттоо жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Талкуунун соңунда комитет Жогорку Кеңешке Гүлнара Баатырованы КР саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий