• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар жана Регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчетун жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердиги боюнча отчет берди.

Талкуулардын жүрүшүндө Өкмөт башчы, ошондой эле министрлик жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жыйындын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердиги боюнча отчетун жактырды.

Шаршемби, 24-апрелде, Премьер-министр жогоруда аталган отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий