• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Конституциялык жана Жогорку соттун башчысынын кызматтан кетүүсүн колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевди жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын кызматтан кетүүсүн колдоду.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев комитеттин корутундусун окуп, Карыбек Дүйшеев менен Нургүл Бакированы кызматынан өз каалоосу боюнча бошотууга макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңешке сунуштады.

Добуш берүүдө депутттардын баары макулдугун берди.

Эскерте кетсек, Конституциялык сотунун төрагасы Карыбек Дүйшеев жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арыз жазган.

Пикир

Оставить комментарий