• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖК кызматкеринин жол кырсыгына тиешеси жок - КР ЖК

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Кечээ, 30-май күнү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кызматкери журналистти автомашинасы менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет:

“Парламенттин штаттык кызматкерлеринин арасында Бекзат Мамытов гана бар. Анын айтымында, 30-майдагы жол кырсыгына катышкан эмес жана ага анын эч тиешеси жок. Учурда Бекзат Мамытов өзүнүн жумуш орунда иштөөдө”.

Пикир

Оставить комментарий