• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК менен Олий Мажлистин кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өз ишин аяктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кечээ, 6-июнда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өттү.

Аталган парламенттер аралык комиссиянын алгачкы жыйыны өткөн жылы Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн. Бул комиссия коӊшулаш эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын жакшыртуу, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болуу, бир туугандык мамилелеринин тамыры тереӊ эки элдин маданий-гуманитардык карым-катнашын арттыруу максатында түзүлгөн болчу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жана парламент жетекчилеринин ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга болгон ынтызарлыктарынын аркасында, акыркы убактарда өз ара карым-катнаштын кыйла жакшырганы парламенттик комиссиянын жүрүшүндө баса белгиленди.

Ошондой эле жыйында эки өлкөнүн мыйзамдарын жакындаштыруу, экономикалык алака-катнашты кеңейтүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алуу, мурда кабыл алынган макулдашуулардын өкмөттөр тарабынан аткарылышын көзөмөлгө алуу багытында аткара турган иштери арбын экендиги туурасында да кеп болду.

Күн тартибине коюлган соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында региондордун ортосундагы алаканы өнүктүрүү маселеси талкууга алынып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары Өзбекстандын Анжыян, Наманган, Фергана облустары менен карым-катнаш түзүп, соода-катнашы жакшырып, биргелешкен ишканаларды тузүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.

Ошону менен бирге жыйын жүрүшүндө туризм тармагында кызматташууну арттыруу, бүтүндөй эле Борбордук Азия регионундагы өлкөлөргө бирдей кирүүгө мүмкүнчүлүк берген виза режимин түзүү зарылдыгы турганы дагы белгиленди.

Мындан сырткары, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин Кыргызстанга июнь айынын аяк ченинде расмий сапары даярдалып жатканы белгилүү болду.

Ал эми Параламенттер аралык комиссиянын кийинки жыйыны Өзбекстанда өтөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий