• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК мыйзам долбоорун кабыл алса, Азия оюндарынын катышуучуларына стипендия берилет

Спорт 0

Бишкек, 22.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү менен алектенген, бирок Азия оюндарына киргизилген спортчулар стипендия алышат. Бул тууралуу V Азия оюндарынын катышуучуларына премьер-министр Сапар Исаковдун атынан сыйлык тапшыруу учурунда Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, өткөн Оюндарга Кыргызстан болушунча даярданган, мамлекет тарабынан бардык машыгуулар, учуулар, жашаган жери ж.б. уюштурулду.

“Бул Оюндарда биз жакшы жыйынтык көрсөттүк. 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль алдык. 63 команданын ичинен 8-орунду ээледик”, -деди ал.

Аманкулов мындай көрсөткүчтөр мамлекеттин колдоосу менен жетишилгенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий