• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Сот адилеттиги боюнча кеңешке талапкерлерди көрсөтүү боюнча сунуштарды кабыл ала баштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө юридикалык коомчулуктан жазуу жүзүндө сунуштарды кабыл алуу тууралуу жарыялайт.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, “КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык аталган Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:

  • 40 жаштан жаш эмес курактагы Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;
  • кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга тийиш;
  • чет мамлекеттин жараны болбоого тийиш;
  • кайсыдыр бир саясий партияда турбоого тийиш;
  • соттолгондугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынгандыгы же жоюлгандыгы жок болууга тийиш.

Кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоосу кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.

Юридикалык коомчулуктан 40 жашка чыккан, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчөсү боло алат.

Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлү жана адвокат катары катышууга укуксуз.

Пикир

Оставить комментарий