• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Сунушталган талапкерлер боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков баяндама жасады.

Маалыматына ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер:

  • Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова (Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган);
  • Алтынбек Кубатбеков (“Республика-Ата Журт” фракциясы сунуштаган);
  • Гүлжан Кошокова (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы сунуштаган);
  • Алмаз Калбаев (“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган);
  • Шералы Камчыбеков, Элмира Барктабасова жана Ирина Горшкова (КР Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн).

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына сунушталган талапкерлерди бекитүү боюнча токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий