• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК төрагасы Аксы районундагы билим берүү мекемелеринен кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Төрага Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан Жеңижок атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектептин имараты өткөн жылы ноябрда бүткөрүлүп, учурда 500гө жакын окуучу билим алат.

Андан соң Нурланбек Шакиев Асанбек Жаныбеков атындагы орто мектепке барды. Белгилей кетсек, бул мектеп мурдагы Кызыл-Туу совхозунун башкармалыгынын кеңсесинде жайгашкан. Азыркы тапта 655 окуу окуйт.

Эки мектепте тең мугалимдер жана окуучулар менен баарлашкан Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Акыркы жылдары билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер жана бала бакчалар салынууда. Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, аны дагы көтөрүү пландалууда. Натыйжада агартуучулук кесипке кызыккан жаштардын саны артып, былтыр эле педагогикалык факульеттерге тапшыргандардын саны 22%га өстү”, – деди.

Муну менен катар мугалимдерди балдарга келечектеги кесибин тандоодо туура багыттама берүүгө чакырып, мында учур талабын жана заман шарттарын эске алуу керектигин кошумчалады.

“Буйруса, ушул мектептерден Кыргызстан үчүн кызмат кылып, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан улан-кыздар тарбияланып чыгаарына терең ишенем”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле эки мектепке тең Жогорку Кеңештин атынан заманбап компьютерлерди тапшырды.

Андан тышкары, жергиликтүү эл менен да жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Тургундар Кара-Суу айылында бала бакча маселеси курч экенин белгилешти.

Өз кезегинде төрага Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө долбоорду иштеп чыгып, кийинки жылдын планына киргизүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий