• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасы Андрей Страчко менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Алгач Дастанбек Жумабеков элчини эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан Беларусь Республикасы менен болгон достук мамилени арттырууга чоң маани берерин белгиледи.

“Мамлекеттер аралык байланыштарды түзүүдө жана чыңдоодо, өлкөлөр ортосундагы конструктивдүү алакаларды жандантуу менен тажрыйба алмашууда парламенттер аралык кызматташтык маанилүү роль ойнойт. Бул жааттан алганда Жогорку Кеңеш Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын эки палатасы менен тең бардык актуалдуу маселелер боюнча өз ара байланыштарды кеңейтүүгө даяр”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага: “Тыгыз кызматташтыкка негизделген ЕАЭБге мүчөлүгүбүз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенем”, – деди.

Өз кезегинде элчи Андрей Страчко Беларусь тарап Кыргызстан менен болгон соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

“Эки өлкөнүн ортосунда башынан эле достук мамилелер калыптанган. Мамлекеттер аралык кызматташтыгыбыз дагы да жакшырууда. Биз өз ара алакалардын, анын ичинде парламенттер аралык байланыштардын чыңдалышына кубанычтабыз”,– деп кошумчалады элчи.

Мындан сырткары жолугушууда, парламенттер аралык жана эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланып, Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган парламенттик делегациянын Беларусь Республикасына жакында болчу расмий иш сапары тууралуу сөз болду.

Соңунда Дастанбек Жумабеков элчи Андрей Страчкого 21-22-майда Бишкекте өтөөрү мерчемделген “Беларусь кино күнүн” ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий