• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ЖК Төрагасы азербайжан парламентинин спикери Октай Асадов менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын алкагында Азербайдан Милли Мажилисинин Төрагасы Октай Асадов менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы азербайжан парламенттик делегациясына ТүркПАнын кезектеги жыйынына катышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин элдердин теги бир. Азербайжан – ушу тапта өтөт ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын коргоого чакырылган мамлекеттик институттар катары, азербайжан менен кыргыз парламенттеринин башкы милдеринин бири боордоштук мамилелерди чыӊдоо аркылуу ата-баба мурастары менен баалуулуктарын сатап, аларды андан ары өөрчүтүп, келечек муунга өткөрүп берүүболуп саналат», - деди Дастанбек Жумабеков.

Спикер парламенттер аралык байланыштар теӊата пикир алышып, өз ара тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, элдердин бири-бирин түшүнө жана колдой билүүсүнө да түрткү берерин баса белгиледи.

Ал эми Октай Асадов болсо, азербайжан делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык айтып, Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы жана ТүрПАга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алышы менен куттуктады. «ТүркПАнын бул жолку жыйынына өзбек парламентинин делегациясы да катышып жатканы өтө кубанычтуу. Мында кыргыз парламентинин салымы бар. Азербайжан өз ара алакаларга таянуу аркылуу эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелерди андан ары арттырууга өзгөчө маани берет», - деди ал.

Жолугушуу соӊунда азербайжан парламентинин спикери Дастанбек Жумабековду өзүнө ыӊгайлуу болгон учурда расмий иш сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий