• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК төрагасы баштаган депутаттардын демилгеси менен күндүзгү стационардык жай ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июлда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу борбор калаадагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан Арал кафесинде уюштурулган күндүзгү стационардык жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, аталган жай төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылды.

Күндүзгү стационардык жай 50 адамга ылайыкташтырылып, 3 дарыгер, 4 медайым иш алып барат. Андан тышкары, ичинде эки дарыкана ачылган.

Пикир

Оставить комментарий