• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасы баштаган парламент депутаттары Араван районунун активи менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы баштаган парламенттик делегация Ош облусунун Араван районунун активи менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусундагы эки күндүк бул иш сапарды бир катар министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү коштоп келгенин айткан Төрага, Араван элинин көйгөйлүү маселелерин учурдан пайдаланып, айтып алууга чакырды.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда орногон туруктуулукту сактап калууга ар бир өлкө жараны жигердүү аракет көрүшү керектигин белгилеп: "Кыргызстан тандап алган парламенттик багытты өнүктүрүүнүн башкы максаты эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты камсыздоо. Андыктан, өлкөнүн өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген элет жериндеги маселелерди биргелешип аныктап, чечишибиз керек", - деди.

Андан тышкары, жаздагы табигый кырсыктар кээ бир үй-бүлөлөрдү журт которууга мажбур кылса, кээде адам өлүмүнө да алып келип жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков: "Кырсыктардын кесепеттерин жоюу багытында бир катар иштер аткарылууда. Алсак, бул иш сапарыбыздын да максаты кырсыктан жабыр тарткан тургундардан кабар алуу. Буйруса, айтылган маселелер парламенттин жыйындарында талкууланып, аткаруу бийлиги менен биргеликте жакынкы аралыкта чечилет",- деп кошумчалады. "Табигый кырсыктарды жана башка тоскоолдуктарды жеңүү үчүн бизге биримдик менен ынтымак керек" ,- деген парламент жетекчиси, Араван элин Энелер күнү менен да куттуктап, бир катар энелерге райондук администрациянын атайын сыйлыктарын тапшырды.

Ал эми жолугушууда район тургундары мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, үлүш жер жана жол маселелерин да чечип берүүнү суранышты. Айрыкча, суу көйгөйү курч экени айтылды.

Төраганы коштоп барган Өкмөт өкүлдөрү суроолорго жеринде жооп беришти. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Ош облусуна болгон иш сапарына депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Калмаматов, Болотбек Ибраимжанов, Уланбек Примов, Жанарбек Акаев катышууда.

Пикир

Оставить комментарий