• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК төрагасы Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө бөбөктөр менен жолугуп жатканына кубанганын айткан төрага, жамаатты жана балдарды майрамы менен куттуктады.

"Жаңы жылдын алдында билим берүү мекемесинин атынан кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Андыктан кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып келдик. Бул жерде тарбияланып жаткан балдарга кам көрүү баарыбыздын милдетибиз. Бүгүнкү берилген белек, келечекке жасалган инвестиция экени талашсыз чындык", - деди Нурланбек Шакиев.

Белгилей кетсек, төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.

Эскерте кетсек, №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинде начар уккан, интеллектуалдык өнүгүүсү төмөн, сүйлөө кеби начар өнүккөн 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар тарбияланат. Жалпы балдардын саны 222.

Пикир

Оставить комментарий