• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы: Биз бир Союздабыз жана алар келишимди кынтыксыз аткаруулары керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Биз бир Союздабыз жана алар келишимди кынтыксыз аткаруулары керек”, - деп билдирди бүгүн парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча.

Журналисттер келечектеги президент айрыкча кыргыз-казак чек арасындагы азыркы жагдай сыяктуу шартта коңшулар менен кандай мамиле түзүшү керектигин сурашты.

“Биз бир Союздабыз. Биз бир катар келишимдерге, анын ичинде түбөлүк достукка кол койгонбуз. Ошондуктан бул келишимдер кынтыксыз аткарылышы зарыл. Биз достошуп, бирге жашап, бардык союздаштык макулдашууларды аткарууга тийишпиз”, -деди спикер.

Ал белгилегендей, бул маселени өкмөт чечкендиктен парламент шашылыш жыйынга чогулган эмес.

“Эгерде өкмөттөн, бул маселени чече албайбыз дешсе, парламент киришмек. Биз өз сөзүбүздү айтабыз. Албетте, буга байланыштуу бизнес чыгым болгону абдан өкүнүчтүү. Бирок, менимче мунун баары убактылуу. Мен шайлоодон кийин жаңы президент бардыгын жөнгө салып, бизнесмендерге жардам беребиз деп ишенем”, - деп билдирди Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий