• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Бүгүн тигилген көчөттөр, келечек муунга калтырган - мурасыбыз"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы Ботаникалык бактын аймагын иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен ар кандай дарактардын көчөттөрүн тигишти.

Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Ботаникалык бактын азыркы абалы тууралуу маалымат берилип, аталган жайдын жетекчиси келечектеги аткарыла турган иш пландар жөнүндө да кенен кеп кылды. Белгилүү болгондой, ботаникалык бактын жагдайын жакшыртуу менен анда өскөн бак-дарактардын санын көбөйтүү максатында атайын программа кабыл алынып, комплекстүү иш-чаралар мерчемделген.

Ал эми калаанын экологиясы үчүн аталган бактын мааниси жогору экендигин билдирген Төрага: "Каралбай калган бул бак бир жылдан бери парламенттин, Өкмөттүн жана мериянын камкоордугуна алынып, кайрадан жаӊыланууда. Атайын кабыл алынган программанын негизинде, аткарылчу иштердин планы түзүлүп, шаардыктардын ден-соолугун чыӊдоочу, экологиялык жайга айлантуу максатталган. Андан тышкары, программа алкагында Кыргызстандын аймактарында өскөн түрдүү өсүмдүктөрдүн жана дарактардын көчөттөрү бул жайга алынып келинип отургузулууда. Буйруса, кыргызстандыктар үчүн эле эмес, чет өлкөдөн келген меймандар үчүн да жалпы өлкөбүздүн табиятынынын өзгөчөлүктөрү менен ушул жайдан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул үчүн ботаникалык бакта иштеген кызматкерлерлин да айлык маянасын көтөрүү зарыл", - деди.

Андан тышкары, Чыныбай Турсунбеков, жаратылышка аяр мамиле кылуу учур талабы экенин белгилеп: "Кыргыз эли табият менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбар, өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган уюткулуу журт. "Бир тал кессен, он тал эк" деп жашаган элибиз, эч убакта жаратылышка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын нускалуу турмушун улантуу аркылуу, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз", - деди.

Ошондой эле, сөзүнүн аягында жалпы кыргызстандыктарды жазгы ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган Төрага: "Жаздын бир күнү, бир жылга тете" - дегендей, жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, бүгүн тигилип жаткан бак-дарактардын баары бир жылдык эле эмес, келечек муундарга калтырган мурасыбыз болуп эсептелет", - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий