• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: «Биздин алдыбызда турмушубузда жаралган мыкты саамалыктар менен жаңы жөрөлгөлөрдү андан ары өнүктүрүү милдети турат»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Төрага Чыныбай Турсунбеков жалпы мекендештерин, анын ичинде парламент депутаттарын эртеӊ, 5-майда өтө турган Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы өлкөнүн ички жана тышкы мамилелеринин негизин жөнгө салган Баш мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстандын чейрек кылымдык соңку тарыхындагы эң орчундуу окуялардан болуп калганын, ал эгемен өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотууга, келечекке карай ишенимдүү кадам таштоого жол ачканын баса белгиледи.

«Жамы кыргыз коомчулугу, анын ичинде кыргыз парламенти да жаңы шартта, жаңы нукта өнүгүп, азыр анын алгачкы натыйжаларын көрө баштадык. Турмушубузда көптөгөн алгылыктуу саамалыктар менен салттуу жөрөлгөлөр жаралууда. Биздин алдыбызда аларды андан ары өнүктүрүү милдети турат», - деди Чыныбай Турсунбеков.

Андан тышкары, Төрага ушул майрамга туш келген дагы бир жагымдуу жагдай катары «Туу – элдүүлүктү сактай турган ыйык белги!» деген китеп жарык көргөнүн, анда кыргыз элинин байыркы асабаларынан тарта азыркы Мамлекеттик желегинин жаралуу таржымалы тастыкталып берилгенин билдирип, жалпы депутаттардын атынан китептин демөөрчүсү «Тосор» коомуна ыраазычылык айтты.

Пикир

Оставить комментарий