• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: “Эл аралык оюндардагы жеңиштер жарандарыбыздын биримдигин арттырат”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков таэквондо спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын салтанатуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Чыныбай Турсунбеков таэквондо ассоциациясы чыгыш жекеме-жеке таймашуу спортун жайылткан Кыргызстандагы ири уюмдардын бири саналарын белгиледи. Ал 42 машыктыруучу жана беш миңдей жаран аталган спорт менен машыгып жатканы, айрыкча, алардын ичинен эл аралык таймаштарда өлкө намысын коргогондору арбын экенине кубанып, өткөн жылы спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спорчулар 14 медаль менен кайтып келишкендигин эске салды.

Ошондой эле кыргыз спортчуларынын жеңиши ар бир кыргызстандыктын ийгиликке болгон ишенимин арттыраарына токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Эл аралык оюндардагы жеңиштер жарандарыбыздын биримдигин арттырып, Мекенибиздеги ынтымактын пайдубалы болуп берет. Себеби, биздин спортчулар зор мүмкүнчүлүккө ээ, андыктан аларга баардык шартты түзүп берүү бүгүнкү күндөгү башкы маселе”, – деп белгиледи.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Төрагасы Эл аралык таэквондо федерациясынын (ITF) президенти Чой Жунга Кыргызстанда аталган багыт боюнча атайын семинар уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге, өлкө жарандарын спорт менен жигердүү машыгууга чакырды. “Спорт бул – ден соолук жана ички дүйнөнүн күчтүүлүгү. Баардык мекендештеримди спорттук көнүгүүлөрдү калтырбай жасап, саламат өмүр сүрүүгө үндөөр элем. Спорт эрктүүлүктү арттырып, жеңиштерге шыктандырат. Ошондуктан Кыргызстанга талыкпас эмгек, даңазалуу жеңиштер керек”, – деген Чыныбай Турсунбеков иш-чаранын уюштуруучуларына Жогорку Кеңештин атайын белегин тартуулады.

Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин Төрагасы 2019-жылы Ысык-Көлдө өтө турган таэквондо боюнча Азия чемпионаты мыкты деңгээлде уюштурула тургандыгына үмүт артарын кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында Эл аралык таэквондо федерациясы (ITF) Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековго аталган спорттун 5-дан даражасын ыйгарышты.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын таэквондо боюнча ассоциациясынын ардактуу президенти.

Пикир

Оставить комментарий