• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Кыргыз эли эзелтен ак эмгектин нанынан кубат алып, жасаган ишинен баар таап келген"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды 1-Май Эмгекчилердин эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо тексти:
Урматтуу мекендештер!
Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-Май Эмгекчилердин эл аралык күнү менен куттуктайм!
Жалпы журтту кайратмандыкка жана эмгекчилдикке үндөп, ошол эле учурда жалпы элди теӊ укуктуулукка жана тилектештикке чакырган бул күндүн дүйнө тарыхындагы орду өзгөчө. 1889-жылы Париж интернационалдык конгресси тарабынан 1-Майды Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деп белгилөө чечими кабыл алынып, андагы 15 сааттык жумуш күнүн 8 сааттык жумуш күнүнө кыскартуу талабы көтөрүлгөн. Ошондон тарта 1-май күнү демонстрацияга чыккан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жумушчуларынын урматына майрам катары белгилене баштаган.
Ал эми азыркы эгемендүү Кыргызстаныбызда 1-Май майрамы саясый боёктон ажырап, жалпы элдик “Эмгек майрамы” аталышына ээ болду. Анткени эмгек - өмүрдүн булагы, жашоонун негизи. Кыргыз эли эзелтен ак эмгектин нанынан, асыл иштин үзүрүнөн кубат алып, жасаган ишинен баар таап келген. Эмгекти сүйүп, адал аракеттен гана чыныгы бакытка жетүүгө болорун жакшы түшүнүшкөн. Буга далил катары кыргыз элинин улут катары сакталып калышын, мамлекет катары түптүү журтка айланышын айтсак болот.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
26 жылдык тарыхка ээ эгемендүү өлкөбүздүн да жаркын келечеги ар бир жарандын талыкпас эмгегинен көз каранды. Ар бирибиз өзүбүздүн келечегибиз, мамлекетибиздин эртеӊи үчүн талыкпай эмгектенишибиз зарыл. Дүйнө бир айылчага айланып, маалымат технологиялары, инновациялык каражаттар жана автоматташкан жабдуулардын жаӊы түрү көбөйгөн сайын, кол эмгеги менен акыл эмгегин айкалыштыруу учурдун башкы талабы болууда. Руханий көрөӊгөбүздү жана салттык баалуулуктарыбызды сактап калууда да талыкпаган изденүүнүн мааниси өтө жогору. Андыктан, илим артынан түшүп, билим алалы. Жаз менен кошо жарыша келген эмгек майрамынын алкагында келечек үчүн ар бирибиз көчөт тигип, өлкөбүздү көрктөндүрөлү. Арык казып, талааларды гүлгө бөлөйлү. Эмгек менен бийиктиктерди багындырып, өлкөбүздү өнүктүрөлү. Таза коомду жаратып, мыйзамдуу жашоо шартын куралы.
Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Жергебизде тынчтык болуп, жашообуз жакшылыктарга толсун. Ар бириӊиздерге ден-соолук жана бакыт каалайм! Бар болуӊуздар!

Пикир

Оставить комментарий