• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков менен депутат А.Жээнбеков Ош облусунда жолугушуу өткөрүштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен депутат Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана айыл башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков өлкөнүн өнүгүшү айылдардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин белгилеп: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары элет элинин көйгөйлөрүн чечүүдө сиздердин ролуңар өзгөчө. Андыктан, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте элет тургундарынын көйгөйлүү маселелерин учурунда көтөрүп, анын чечилишине да өз салымыңарды кошоруңарга ишенем. Ал эми Жогорку Кеңеш сиздерди дайым колдоого даяр", - деди.

Ошондой эле, депутат Асылбек Жээнбеков келгендерге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берүү менен бирге, жергиликтүү маселелер тууралуу берилген суроолорго да жооп берди. Алсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттары Кара-Кулжа районундагы суу, жол, бала бакча, оорукана, мектеп сыяктуу социалдык мекемелердеги көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мамлекеттин башкы максаттарынын бири айыл турмушун жакшыртуу экенин белгилеген Асылбек Жээнбеков: "Жергиликтүү кеңештин депутаттары да элет элинин көйгөйүн чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуусу шарт. Айрыкча, түрткү берүүчү гранттарга долбоор жазуу менен бир катар маселелерди чечип алууга болот", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, депутат жайыт маселеси тууралуу берилген суроого токтолуп: "Кыргызстан эки баскычтуу бюджетке өткөн менен, жаап-жашыруунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттин көлөмү көбөйбөй келет. Алсак, айылдарда малы жок туруп жайыт ээлегендер, малынын санын аз көрсөтүп, кенен жайыт талап кылгандар арбын. Мындай көйгөйлөрдү жергиликтүү кеңештер көзөмөлгө алып, жайыт маселесиндеги жашырылган көйгөйлөрдү ачыкташы зарыл. Ошондо жайыттан түшкөн кирешенин көлөмү көбөйөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий