• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков Сауд Арабия Королдугунун элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки жактуу кызматташтыкты кеӊейтүү маселелери, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки мамлекеттин байгерчилигине багытталган өнөктөштүк алакалар динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, кыргызстандык делегациялардын Сауд Арабиясындагы жогорку деӊгээлдеги сапарлары ийгиликтүү жыйынтыкталганын баса белгиледи.

Ошону менен катар парламенттер аралык байланыштарга токтолгон Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан бул жаатта да алакаларды арттырууга кызыкдар экенин билдирип, Сауд Арабиясы менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеӊештеги депутаттык достук тобунун иши тууралуу учкай кеп кылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы эки тараптуу экономикалык мамилелер жөнүндө айтып, бул багытта ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилөө менен жигердүү иш алып баруу зарылчылыгын кошумчалады. "Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Андыктан, биздеги ири долбоорлорго Сауд Арабиясынын да жигердүү катышуусун күтөбүз",-деди Төрага.

Өз кезегинде элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелерди күчтөндүрүүдө Жогорку Кеӊеш өзгөчө роль ойногонун белгилеп, эки тараптуу кызматташуу өнөктөштүк менен өз ара сый-урматтын негизинде өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди. Андан тышкары, элчи Сауд Арабиясы Кыргызстан менен болгон өз ара тыгыз алакаларды улантууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий