• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: «Сиздер алып келген жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү, анын куну баа жеткис»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына карата куттуктоосу:

Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май - Улуу Жеӊиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн - көп улуттуу СССР элин гана эмес, жалпы дүйнөнү фашизмдин чеӊгелинен бошоткон, адамзатты кайгыдан арылтып, согуш отунан куткарган улуу күн. 9-май - аталарыбыздын тайманбастыгы жана кажыбас кайраты, энелерибиздин таман акы, маңдай тери менен келген улуу жеӊиш! Миллиондогон адамдар согуш талаасында душман мизин кайтарып, эртеӊки жарык күндүн келечеги үчүн күрөшсө, оорукта калгандар майдандагыларга дем-күч берип, жакшылыкка шерик болушкан. Тилекке каршы, аталарыбыздын бир тобу эрдик көрсөтүп, душман огунан каза болсо, бир тобу кан майданда дайыны жок болгон. Дагы далайы түбөлүк саламаттыгынан айрылган.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Майданда 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Алар алып келген жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү, анын куну баа жеткис, согушта курман болгондорду, жеӊиш үчүн жан аябай күрөшкөндөрдү унутуу эч мүмкүн эмес. Алардын көзүнүн тирүүсүндө сый-урмат кылып, кадырлоо баарыбыздын ыйык милдетибиз!

Ардактуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Сиздер тынчтыктын жарчысы, жаӊы турмуштун баштоочусу катары арабызда аман болуӊуздар! Кажыбас кайрат, бактылуу карылык каалап, ден соолук тилейм! Дагы бир жолу Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Жергебизде тынчтыктын ыры жаӊырып, мамлекетибизде жеӊиштин деми өчпөсүн!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков

Пикир

Оставить комментарий