• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков Түркиянын Премьер-министри менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 23-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахрамандын чакыруусу менен болгон Стамбулдагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу аркылуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеӊейтүү маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттик делегациянын бул иш сапары эки мамлекет ортосундагы мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот деген ишеничин билдирди. "Кыргызстан боордош Түркия менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, парламенттер аралык байланыштарды тереӊдетүү аркылуу өлкөлөр ортосундагы көп тармактуу алакаларды арттырууга болот", - деди ал.

Ошондой эле,"Түркия Кыргызстандын эӊ маанилүү соода-инвестициялык өнөктөшү",-деген Төрага, эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көтөрүү тууралуу 2013-жылы жүргүзүлгөн сүйлөшүү жыйынтыгын ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду. Бул иштерди жандандырууга чакырган Чыныбай Турсунбеков, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынын өткөрүү керектигин кошумчалады."Биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу менен эки мамлекеттин экономикалык байланыштарын чыӊдай алабыз", - деди ал.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы кызматташтык мамилелердин өнүгүшүнө канааттанарын белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков, Кыргызстан ассамблеянын кезектеги жыйынын ушул жылдын июль айынын аягында Бишкекте өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми Премьер-министр Бинали Йылдырым парламенттик делегациянын иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип: "Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган өлкө катары кызматташтыкты өнүктүрүүгө дайым кызыкдар", - деди. Ошондой эле, 2016-жылдын 15-июлундагы окуялардан кийин биздин өлкөгө алгачкы келген Кыргызстандын жогорку жетекчилеринин бири болдуӊуз. Сизге ыраазычылык билдирем. Бул иш сапарыңыз да байланыштардын жаңы барагын ачат деген ишеничтемин", - деди.

Андан тышкары, Түркиянын өкмөт башчысы Кыргызстанда быйыл күздө өтүүчү президенттик шайлоого да токтолуп, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

"Андан тышкары, билим берүү тармагындагы алакаларынын абалына токтолгон Бинали Йылдырымдым айтымында, мурдагы "Себат" билим берүү мекемелеринин тегерегиндеги маселелер эки өлкөнүн мамилелерине өз таасирин тийгизбей койгон жок. Бул маселенин маанилүүлүгүн айткан өкмөт башчыТүркия тарап Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы форматтагы кызматташуу демилгесин сунуштоого даяр экенин белгилеп,мамлекеттик "Маариф" билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп салды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ушу тапта Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары Асылбек уулу Дамирбек жана Бахадыр Сулейманов эки күндүк иш сапар менен Түркия Республикасында жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий