• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбековдун Ош облусуна болгон иш сапары Алай районунан башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Ош облусунун бир катар райондоруна мерчемделген иш сапары башталды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков алгач Алай районуна барып, Жаңы-Алай айылындагы №42 С.Ашимов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Мектептин директору Аскарбек Адапбаевдин маалыматы боюнча, 2469 калк жашаган бул айылдын 1973-жылы курулган эски мектебинде бүгүнкү күндө 470 бала 3 нөөмөт менен окуп жатат. Мектеп ашар жолу менен курулуп, курулуш талаптары сакталбагандыктан, 2006-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектеп имараты авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Ал эми 225 орунга ылайыкташтырлган жаңы мектептин пайдубалы 2015-жылы түптөлгөн. Бүгүнкү күндө курулуш жүргүзгөн «Ак-Тилек курулуш» компаниясы 26 миллион сом каражат суроодо.

Жаңы мектептин курулушунун жүрүшүнөн толук маалымат алган Жогорку Кеңештин Төрагасы иш сапарга барган Каржы министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилерине каржы маселесин чечип, курулушту көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. Ошону менен катар, Чыныбай Турсунбеков аталган мектептин окуу жүрүмүнөн кабар алып, мугалимдер жана окуучулар жамааты менен азыноолак баарлашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасынын Ош облусуна болгон иш сапарына депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Калмаматов, Болотбек Ибраимжанов, Уланбек Примов, Жанарбек Акаев катышууда. Ошондой эле, иш сапарды Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий