• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК төрагасы эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. 4-5-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков Токтогул, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, Кара-Көл шаарындагы бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырат.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, андан тышкары, Жалал-Абад облусунун тургундары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий