• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖК төрагасы Эстониянын премьер-министри Юри Ратас менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Эстон Республикасындагы расмий иш сапардын алкагындагы аталган өлкөнүн Премьер-министри Юри Ратас менен жолугушту, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Эстониянын жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалай тургандыгын белгилеп, бардык деӊгээлдеги өз ара байланыштарды чыӊдоого кызыкдар экендигин да кошумчалады. Ошондой эле ал азыркы учурда "Түндүк" электрондук өкмөт долбоорун жана "Электрондук консул" программалык өндүрүшүн Кыргызстанда ишке киргизүү боюнча эки өлкө ортосунда тыгыз кызматташтык жигердүү уланып жатканын билдирди.

"Аталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу жогорулатылып, бюрократияга жана алардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы эффективдүү күрөш жүргүзүлөт. IT тармагындагы Эстониянын тажрыйбасы да Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу. Андан тышкары, эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеӊейтүүгө кызыкдарбыз. Кыргыз өкмөтү тарабынан улуттук кызыкчылык жана тараптардын өз ара пайдасын эске алуу менен инвесторлорго либералдык шарттар түзүлүүдө", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Бул жааттагы маанилүү кадам катары Төрага Кыргызстан Европа биримдигине кирген өлкөлөргө бажы төлөмүсүз алты миӊ аталыштагы товарды ташууга мүмкүнчүлүк түзгөн Жалпы преференциялар + системасы (ВСП+) макамына ээ экенин белгиледи. Дастанбек Жумабеков анын алкагында Кыргызстан жеӊил өнөр-жай жана экологиялык таза айыл чарба азыктарын Эстониянын базарына ташый ала тургандыгын мисал кылды.

Өз кезегинде Эстониянын Премьер-министри Юри Ратас эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенерин билдирди.

"Кыргызстан Борбор Азиядагы жакын өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Жолугушууда айтылган тармактардын көбү бизди да кызыктырат. IT-технологиялары чөйрөсүндөгү байланыштарыбыз да келечектүү мүнөзгө ээ. Эки өлкө ортосундагы 15 жылдык тыгыз алака жакшы көрүнүш, аны мындан ары да өнүктүрүшүбүз кажет", - деди Юри Ратас.

Токой жана айыл чарба жаатындагы кызматташтыкка да токтолгон Премьер-министр аталган тармактар Эстонияда маанилүү экенин, алар кирешелүү гана болбостон, калкты жумуш менен камсыздоодо да өзгөчө орунда турарын кошумчалады.

Аны менен катар Юри Ратас эки өлкө билим берүү жаатында да жигердүү кызматташа аларын белгиледи. Эске салсак, эстон билим берүү системасы Европадагы алдыӊкы система катары бааланып келет.

Жалпысынан алганда Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация менен Эстониянын Премьер-министри Юри Ратас ортосундагы жолугушуу жылуу маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий