• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК төрагасы Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбеханини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш Төрагасы Иран менен болгон достук мамилени өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Дастанбек Жумабеков мурдагы Президент А.Атамбаевдин 2015-жылдын сентябрь айында Иранга, ал эми Иран Президенти Х.Руханинин 2016-жылдын апрель айында Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарларын, ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы Ч.Турсунбековдун ушул жылдын апрель айында Иранга иш сапар менен баргандыгын канаттануу менен белгилеп, мындай тыгыз карым-катнаш өлкөлөр ортосундагы алакалардын артып жаткандыгынын далили экенин кошумчалады.

Андан тышкары, башкы мыйзам чыгаруу органы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Иран менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү колдоого ала тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Али Моджтаба Рузбехани Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, быйылкы жылы болгон Президенттик шайлоонун да ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле элчи эки мамлекет жетекчилеринин саясий байланыштары жогорку деңгээлде экенине токтолуп: «Мындан ары өлкөлөр ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү, түз аба каттамдарын ачуу, банктар аралык байланыштардагы көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу экономикалык алкактагы мамилелерди кеңейтишибиз зарыл», - деди.

Айрыкча, соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө таасири чоң банктык чөйрөдө көйгөйлөр бар экенин айткан элчи, муну менен кошо Кыргызстанга кирүүдө Иран жарандарына виза берүү жараянынын жеңилдетилишин жагымдуу көрүнүш катары баа берди.

Жолугушуу учурунда Али Моджтаба Рузбехани Иран Межлисинин Төрагасы Али Лариджани Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековду 2018-жылдын 16-17-январында Тегеран шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик бирлигинин XIII Конференциясына чакырып жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий