• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Төрагасы КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар миссиясын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын атынан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн келген эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоо өнөктүгүнө болгон даярдыкты жана анын өтүшүн мониторинг кылууга КМШ ПААнын делегациясын жөнөткөндүгү үчүн Россия Федералдык Жыйынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого ыраазычылык билдирди.

КМШ ПААнын байкоочулар миссиясы жүргүзгөн мониторинг өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп: “Силердин миссия ар дайым шайлоолорго байкоо салууга жигердүү катышуу аркылуу ар тараптуу жана толук кандуу баа бергендиги менен өзгөчөлөнөт”, – деген Чыныбай Турсунбеков кыргыз тарап эл аралык байкоочулардын жана дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Президенттик шайлоого көрүлгөн даярдык жана өнөктүктүн өтүшү өтө олуттуу жана жогорку деңгээлде болду. Бардыгына бирдей ачык жана акыйкат шарт түзүлдү. Бул да болсо кыргыз бийлигинин кабыл алган чечиминин натыйжасы десек жаңылышпайбыз”, – деди Төрага.

Өз кезегинде КМШ ПААны байкоочулар миссиясынын координатору, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын комитет төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Кыргызстандын элин жана өлкө жетекчилерин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап: “Шайлоону өттү деп эсептейбиз. Элдин эркин тандоосуна бардык керектүү шарттар түзүлдү”, – деп билдирди.

Андан тышкары, Кыргызстандагы биометрикалык маалыматтарга негизделип өткөрүлгөн шайлоо КМШ алкагында маанилүү тажрыйба экенин баса белгилеген В.Заварзин: “Бүгүнкү күндө жаңы технологиялардын жардамы менен шайлоолордогу бурмалоолорду жоюуга багытталган тажрыйбаны окуп-үйрөтүү боюнча Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги менен түзүлгөн келишим бар” – деди.

Ошондой эле аталган эл аралык байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү да өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгүнө жогору баасын беришип: “Миссия байкоо салган кечээги тандоо иш-чарасы демократиялык шартта ачык-айкын өттү. Шайлоо тилкелериндеги кызматкерлердин иши тыкан жана уюшкандыкта болгону байкалып, айрыкча үйдө добуш берүү механизми да жакшы ойлонулгандыгына күбө болдук”, – деп белгилешти.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Айк Бабуханян, аймактык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл-чарба жана табиятты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Сурен Манукян, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынын Өкүлчүлүк палатасынын туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Иван Корж, Тажикстан Оли Межлисинин агрардык маселелер, суу жана жер ресурсу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Олимжон Сафаров, КМШ ПААнын демократиялык, парламентаризмдик өнүгүүгө мониторинг кылуу жана жарандардын шайлоо укугун сактоо боюнча Эл аралык институтунун директору Дмитрий Гладей, андан тышкары, КМШ ПАА Кеңешинин катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев катышты.

Аларга Төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоого жигердүү байкоо салып, мониторингдин жыйынтыгын ачык жана бейтарап чагылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий