• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы: «Кыргыз парламенти кыргыз авиациясынын кызыкчылыгына туура келген баардык маселелерди ар тараптан колдоого даяр»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган бир катар депутаттар 18-майда Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Кеңешинин төрагасы Олумуива Бернард Алиу жана ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантика бюросунун регионалдык директору Луис Фонсека менен жолугушушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн кыргыз авиациясын ИКАОнун «кара тизмесинен» чыгаруу маселеси түздү. Бернард Олумуиванын айтканына караганда, ИКАО тарабынан Кыргызстандын алдына бир катар талаптар коюлган. Анын айрымдары аткарылган менен, дагы бир тобун аткаруу милдети турат.

«Кара тизмеден» чыгуу үчүн Кыргызстан авиацияга байланышкан мыйзамдарынан тартып, техникалык, коопсуздук чараларына чейин эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүсү зарыл. Алтурсун, жарандык авиацияда иштеген кызматкерлердин айлык акыларына чейин талапка жооп бергендей болуусу абзел.

Мына ушул багытта баарлашкан Төрага кыргыз парламенти Кыргызстандын, кыргыз авиациясынын кызыкчылыгына туура келген баардык маселелерди ар тараптан колдоого алууга даяр экенин билдирди. Ошону менен бирге,талкууга алынган маселелерди кеңири талдоодон өткөрүп, анын жыйынтыгын Өкмөткө тапшырууну милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий