• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Төрагасы: "Кыргыз-түрк кызматташтыгын арттырууда парламенттердин ролу жогору"

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Исмаил Кахрамандын демилгеси менен уюштурулган иш сапардын алкагындагы бул жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо тууралуу баарлашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркия калкын жана парламент жетекчисин ушул жылдын 16-апрелинде Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуууюштурулганреферендумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. "Кыргызстан боордош түрк элинин мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана демократиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган баардык тандоосун колдойт", - деди ал.

Ошондой эле, парламенттер аралык кызматташтыкты кеӊейтүү маселелерине токтолгон Чыныбай Турсунбеков кыргыз парламент делегациясынын бул иш сапары мындан аркы байланыштарды тереӊдетүүгө көмөкчү болоруна ишеним артарын кошумчалады. "Эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык жана достук мамилелерди чыӊдоого жана көп тармактуу кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу жогору. Андыктан, эки өлкөнүн парламенттеринин, айрыкча, депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды кеӊейтишибиз керек", - дейт Төрага Чыныбай Турсунбеков.

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы да боордош элдердин кызматташтыгын чыӊдаарын билдирген Чыныбай Турсунбеков ушул жылдын июль айынын соӊунда аталган ассамблеянын 7-пленардык жыйынын өткөрүүгө Жогорку Кеӊеш даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго чакырууну кабыл алып, иш сапар менен келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргыз эли менен түрк калкы оор учурларда бирге болуп, баардык кыйынчылыктарды боордоштук жана тилектештик менен жеӊишибиз керек",-деди. Ошондой эле ал парламенттик кызматташтык алкагында депутаттык достук топторунун ишин бекемдөө тууралуу Чыныбай Турсунбековдун пикирин колдоо менен эл өкүлү катары эл аралык деӊгээлде да достук мамилени чыӊдоо зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары, жолугушууда экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий