• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жумабековдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин иши чоң жоопкерчиликтүү жумуш. Мамлекеттик кызматтагы адамдардын жогорку адискөйлүгү, ак ниеттүүлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү гана башкаруунун натыйжалуу уюштурулушуна өбөлгө түзөт. Өкмөттүн жалпы иши Сиздердин кылган аракетиңиздерге түздөн-түз көз каранды.

Айрыкча, өзгөчө абал шартында Сиздер жарандарыбыздын саламаттыгын коргоодо зор эмгек жумшадыңыздар. Медицина кызматынын кызматкерлери менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп келдиңиздер. Биз өз өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салып, коронавирустан элди коргоо ишин татыктуу улантып жатканыңыздар үчүн абдан ыраазыбыз.

Биргелешкен аракеттин арты менен бардык коркунучту жеңип, мындан ары да Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн тынымсыз иштей беребиз деген ишеничтемин!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Акыркы мезгилдери COVID 19 илдетин жугузгандардын саны кескин көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери күнү-түнү өздөрүнүн гана эмес, жакындарынын да өмүрүн коркунучка кептеп, коронавирус менен тынымсыз күрөшүүдө.

Ал эми биз өз саламаттыгыбызга кам көрүү менен алардын ишин жеңилдете алабыз. Андыктан, баарыңыздарды жөнөкөй жана керектүү эрежелерди сактап, илдеттин жайылышына бөгөт коюуга чакырам.

Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерине талыкпаган эмгекчилдиги, жогорку адискөйлүгү жана Кыргызстандын элине кызмат кылуу максатында көрсөткөн күжүрмөн даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирем!

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалап, кесиптик жетишкендиктерди жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашыра беришиңиздерге тилектешмин!”.

Пикир

Оставить комментарий