• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков менен Кореянын элчиси эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Таёкту кабыл алды. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу пикир алмашты.

Жумабеков саясий байланыш жана парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, бул экономика, маданият, билим берүү, миграция, спорт жана башка жааттардагы алакаларды арттырууга өбөлгө болорун билдирди.

Андан тышкары, Жумабеков Жогорку Кеңеш менен Кореянын Улуттук Ассамблеясы ортосундагы байланыштардын ырааттуу өнүгүп жатканына токтолуп, элчиден Корея парламентинин Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун өтүндү.

Ал эми экономикалык байланыштар тууралуу да сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 100 млн АКШ долларына чейин көтөрүү (2018-жылдын 10 айына карата эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23,4 млн. АКШ долларын түзгөн) жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын билдирди. Андан тышкары ал Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө кореялык капиталды тартуу маанилүү экенин белгилеп: “Түштүк Корея дүйнөдөгү ири экономикалык жана көптөгөн өндүрүштүк-технологиялык мүмкүнчүлүккө ээ. Биз кореялык алдыңкы компанияларды Кыргызстанда иштөөгө чакырабыз”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын элчиси эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү боюнча иш планы менен бөлүшүп, экономикалык байланыштарды арттыруу максатында быйыл Сеул-Бишкек аба каттамын ачуу мерчемделип жатканын маалымдады.

Ошондой эле Ха Таёк бул алгачкы кадам Кореядан келген туристтерди көбөйүшүнө өбөлгө болорун билдирди. Анын айтымында 2018-жылы Кыргызстанга келген кореялык туристтердин саны 18 миңди түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4 миңге көп болгон.

Муну менен катар Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш да Кыргыз Республикасынын Аба кодексине түзөтүүлөрдү киргизип, “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу колго алынганын маалымдады. Төрага белгилегендей, аталган мыйзам долбоордун ишке ашырылышы менен бир катар маселелер чечилип, анын ичинен Сеул-Бишкек абал каттамын ачууга да жагымдуу шарттар түзүлөт.

Андан сырткары, Төрага менен элчи быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Тагыраагы, Баткен, Ош жана Чүй облустарынын 30 пилоттук айылдарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор, Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын кошумча имаратын ачуу, электрондук Өкмөт долбоорун ишке ашыруу жана кыргыз жарандары үчүн Түштүк Кореяда иштөө мүмкүнчүлүгүн берүүчү квоталарды көбөйтүү тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Кореянын мамлекеттер аралык мамилесин мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий