• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Венгрия парламенттеринин кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселелери боюнча ой бөлүштү.

Белгилей кетсек, жолугушууга Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорог да катышты.

Талант Мамытов эки өлкөнү тарыхый байланыш жакындатып турарын белгилеп, Кыргызстан эки тараптуу алакаларды жана ТүркПАнын алкагындагы байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин кошумчалады.

"ТүркПА алкагындагы кызматташтык парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт" ,- деди төрага.

Муну менен катар кыргызстандык студенттердин Венгриядагы жогорку окуу жайларда билим алуусу үчүн 200 орун бөлүнүп берилгендигине жана Будапешт шаарындагы сейил бакка улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылгандыгына байланыштуу ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Шандор Лежак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди кайра жандантууга өзгөчө маани берилип жатканын айтып, бул алакалардын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Шандор Лежак билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу сөз кылып, айрыкча, Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы аркылуу Венгриядагы жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өтөт. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий