• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

ЖК төрагасы Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

1149 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россиядагы иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында төрага Нурланбек Шакиев, депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Пикир

Оставить комментарий