• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК төрагасы Караколдогу сүт азыктарын өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.23./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Булак плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, заманбап жабдуулар менен жабдылган ишканада күнүнө 20 тонна сүт кайра иштетилип, бул көлөм айрым учурда 60 тоннага чейин жогорулайт. Өндүрүлгөн сүт азыктары Кыргыз Республикасынын базарларында “Белая река” маркасы менен сатылат жана Россия, Казакстан өңдүү өлкөлөргө экспорттолот. Былтыр аталган ишкана тарабынан 16 млн сомдун тегерегинде салык төлөнгөн.

Өндүрүштүн жүрүшүн көрүп чыккан төрага мындай ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү өлкө экономикасы үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: “Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу калкты жумуш менен камсыздап, аймактарды да алдыга жылдыра алабыз. Андыктан, мамлекет мындай ишканаларга ар тараптуу колдоо кылып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн да кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшү кажет”, – деди.

Ошондой эле жакында Жогорку Кеңеште сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоору караларын айткан Нурланбек Шакиев анда фермерлердин да, ишкерлердин да кызыкчылыгы эске алынышы керектигин кошумчалады.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Каракол шаарындагы инновациялык борбордун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Тагыраагы, жаштар жана балдар китепканасы катары иш алып барган борбордун имаратынын курулушу өткөн жылы башталган. Ага жергиликтүү бюджеттен 26 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий