• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Төрагасы Швейцариянын КРдагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайнды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда элчиликтин мамлекеттер аралык байланыштарды жакшыртууга кошкон салымы талкууга алынып, кызматташтыктын мындан аркы келечеги тууралуу сөз болду.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгонун белгилеп: "Швейцария ишенимдүү өнөктөш катары өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Тагыраагы, демократиялык багыттагы жаӊыланууларга, анын ичинде шайлоо системасын реформалоого багытталган каржылык-техникалык жактан көп жардамдар берилди. Айрыкча, сиз элчилик кызматты аркалап турган мезгил аралыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы жигердүү уланып, туруктуу достук мамиле калыптанды. Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташууга кылган далалатыӊыздын арты менен көптөгөн макулдашуулар, келишимдер кабыл алынды", - деди.

Ошондой эле, өткөн жылы Швейцариядагы иш сапарынын алкагында парламенттер аралык байланыштардын жаӊы барагы ачылганын эске салган Чыныбай Турсунбеков: "Он жылга ылайыкталып ушул жылы ишке ашырыла баштаган "Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны чыӊдоо" долбоорунун алкагында да бир топ иштер мерчемделген. Андыктан, аталган долбоордун алкагында коюлган максаттардын толук ишке ашарына ишенимим чоӊ", - деп кошумчалады.

Мындан тышкары, экономикалык байланыштар тууралуу да кеп салган Төрага, ушул жылдын 10-июлунда Швейцариянын каржы министри Ули Маурердин Бишкектеги иш сапарына токтолуп: "Мындай иш сапарлар эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырат. Анткени Кыргызстан 2017-2020-жылдарга карата Швейцариянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу стратегиясынын алкагында да энергетика, айыл-чарба, медицина тармактары боюнча байланыштарды жандантууга кызыкдар", - деп билдирди.

Өз кезегинде элчи Рене Холенштайн Кыргызстандагы парламенттик демократиялык жетишкендиктерге оӊ баасын берерин белгилеп: "Швейцария башкаруу тутумундагы жана жарандар менен бийликтин байланышындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган баардык аракеттерди колдойт", - деди. Буга кошумча, виза режиминин жоюлушу Швейцария жарандарынын Кыргызстанга келип-кетишин жеӊилдеткенин айткан элчи, дипломатикалык ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү жыйынтыкталышына колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеӊешке ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соӊунда Төрага Чыныбай Турсунбеков эки өлкөнүн достук мамилесин улантып, баардык тармактар боюнча кызматташтыкты арттырууга кошкон салымы үчүн элчи Рене Холенштайнга Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий