• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК төрагасы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин башкы катчысы Амреев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жаӊыдан дайындалган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушуп, бул уюмга мүчө-мамлекеттердин кызматташтык мамилелеринин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Дастанбек Жумабеков Багдад Амреевди Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) башкы катчылагына дайындалышы менен куттуктады. Төрага бул уюмдун түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык байланышындагы ордун жогору баалап, ушул жылдын 3-сетябрында өткөн ТӨКК мамлекеттеринин башчыларынын 6-саммити түрк тилдүү элдердин көп кылымдык тарыхындагы жаӊы барагын ачыканын баса белгиледи.

Төрага Өзбекстандын ТӨККгө мүчө болуу ниетин, ошондой эле Венгриянын бул уюмга байкоочу статусун алуу ниетин кубаттай турганын белгиледи. Анын пикиринде, мындай жөрөлгөлөр бир тууган элдердин биримдигин жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн жалпы максаттарга бирге жетүү аракетин көрсөтөт.

Ал эми ТӨККтүн башкы катчысы Багдад Амреев уюмдун ишин андан ары өркүндөтүү боюнча өз ой-пиикирлерин ортого салды. Ал өз ишинде ТӨККгө мүчө-мамлекеттердин соода-экономикалык байланыштарын чыӊдоого өзгөчө көӊүл бура турганын айтты. Ал үчүн баарыдан мурда министрликтер менен мекемелердин өз ара кызматташтык мамилелерин жандандыруу зарыл.

Жолугушуу соӊунда Дастанбек Жумабеков Багдад Амреевге жаӊы кызмат ордунда ири ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий