• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК төрагасы ТүркПАнын кезектеги жыйынына катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) IX пленардык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында төрага Ассамблея кеңешинин отурумуна, ошондой эле “Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: Тынчтык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө” темасы боюнча пленардык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын отуруму да мерчемделген.

Белгилей кетсек, иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан парламенттеринин жетекчилери да катышат.

Пикир

Оставить комментарий