• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК төрагасы Талант Мамытов Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.05.22./Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Азербайжандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы алакаларга жогору баасын берип, кийинки жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерин кошумчалады.

“Тарыхый тамыры терең эки элди орток маданий жана руханий байланыштар жакындатып турат. Боордоштук, бир туугандык жана достук алакага негизделген мамилелерди мындан ары да жигердүү улантып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди.

Муну менен катар төрага президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына апрель айында жасаган расмий иш сапары тууралуу да кеп кылып, анда жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болорун билдирди.

Ошондой эле Талант Мамытов парламенттик алакаларды кеңейтүү маселелерине токтолуп, бул жааттагы дипломатия мамлекеттер аралык мамиле үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Гандилов Латиф Сейфаддин оглу Азербайжан мамлекети Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин айтып, стратегиялык өнөктөш катары кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий