• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК төрагасы Талант Мамытов КМШ ПААнын Кеңешинин маарекелик отурумуна катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Төрага Талант Мамытов баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы 28-29-март күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата, ассамблеянын Кеңешинин Казакстандын Алматы шаарында өтө турган маарекелик отурумуна катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында төрага КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланаары күтүлүүдө.

Расмий делегациянын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы жана Нурбек Алимбеков кирди.

Пикир

Оставить комментарий