• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Төрагасы Таластын Бакайыр айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 30-январда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештин депутаттары бул аймактын инфратүзүмүнө байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү тизмектешти. Алардын айтымында, Бакайыр айыл өкмөтүнүн активин айылдарды таза суу менен камсыздоо, заманбап стамотологиялык поликлиника жана аптекалардын жоктугу кабатырлантат.

Ошону менен катар депутаттар Кара-Буура районунун Карасай жана Ак-Башат айылдарындагы эки фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) ремонттоо зарылдыгын белгилешти. Ак-Башат айылындагы ФАПтын ордуна жаңысын куруу керектиги, ага жер тилкеси деле табылаары кошумчаланды. Мындан сырткары, алар жаш үй-бүлөлөргө үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү маселесин дагы көтөрүп чыгышты.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жогорку деңгээлдеги колдоо керектигин ортого салышты. Бул маселе менен катар Бакайыр айыл өкмөтүнүн 11 чакырымды түзгөн жолдору оңдоп-түзөөгө муктаждыгы айтылды. Айрым жолдор айыл өкмөттүн балансында болгондуктан ремонттолбой келе жатканын айткан депутаттар бул жолдорду тиешелүү жол кызматтарына берүүгө даярдыгын билдиришти.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган ФАПтарды ремонттоого кетүүчү чыгымдын сметасына, калган көтөрүлгөн маселелердин документтерине кызыкты. Төраганын сөзү боюнча Талас аймагынын тургундары көтөргөн маселелердин баары ага тааныш. V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты маалында ал жолдордун, ооруканалардын оңдолуп-түзөлүшүнө, бала бакчалардын курулушуна көп жолу жардам берген. “Белгиленген көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Алгач алдыбызга иштеп жаткан ФАПтардын ремонту боюнча милдет коелу. Андан кийин мындай пункттарды куруу тууралуу ойлонобуз. Айыл өсүп-өнүп, кеңейүүдө. Андан улам ар бир айылдык тургунга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшү кажет”,- деп белгиледи.

Ал эми муктаждарга жер тилкелерин бөлүп берүү маселеси боюнча Төрага учурда парламент жер тилкелерин трансформациялоого арналган жаңы макулдашылган мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жаткандыгын түшүндүрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий