• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖК төрагасы Шакиев Улуттук илимдер академиясынын президентин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов баштаган академиктерди жана окумуштууларды кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга илим изилдөө тармагын өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев илимпоздордун ордосу катары даражасы бийик экенине карабай Илимдер академиясынын абалы өтө начар экенин белгиледи.

"Бул мамлекетибиз тарабынан аталган тармакка көп көңүл бурулбай жаткандыгынын анык мисалы. Алсак, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө илим изилдөө ишине өзгөчө басым жасалып, бардык өндүрүш иши алгач илимпоздордун колунан өтөт. Себеби, илимге негизделген экономиканын келечеги кең, өлкөнүн өнүгүшүндө илимдин салымы чоң. Ал эми бизде тескерисинче, илимий негиздеменин жоктугунан көпчүлүк иш аягына чыкпай калат. Андыктан жеңил өнөр жай тармагынан баштап, кен казуу, электр өндүрүү өңдүү ири өндүрүшкө чейинки долбоорлорду алгач илимий көз карашта ар тараптуу изилдөөгө алып, анан башташыбыз керек. Бул үчүн илимпоздорго жана алардын илим изилдөө ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү учур талабы", - деди ал.

Муну менен катар тармактагы көйгөйлөргө да токтолгон төрага калыптанган системаны реформалап, жаңы багытта өзгөртүүгө убакыт келгенин эске салды.

"Билим берүү тармагын да, илим изилдөө чөйрөсүн да азыркы заманбап доорго ылайыктап жаңылообуз зарыл. Анткени, ХХI кылым жаңы технологиялардын заманы экенине карабай, академиябызда IT тармагына байланышкан институттун жоктугу өкүндүрөт. Андыктан жаңы технологияларды жайылтуу ишин колго алып, тез арада академиянын алдында IT тармагы боюнча институт ачуу керек", - деп кошумчалады Шакиев.

Ошондой эле акыркы учурларда ар ким өзү каалаган тармак боюнча гана изилдөө ишин жүргүзүп жатканын айткан төрага: "Мындай көз карашты өзгөртүп, мамлекет тарабынан керектүү деп табылган тармактарга басым жасалышы шарт", - деди.

Өз кезегинде, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов мекеменин ишин алдыга жылдырууга тоскоолдук жараткан жагдайларды сөз кылып, каржы маселеси өтө курч экенин кошумчалады.

Ага ылайык, илимпоздор мекеменин бюджетин көтөрүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, илимий ишмердүүлүк жүргүзүүгө тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү өңдүү сунуш-пикирлерин билдиришти.

"Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн айтпаганда да, коңшу мамлекеттерде илим изилдөө ишине өзгөчө көңүл бурулат. Бирок бизде жылдан-жылга каржылык колдоо жетишсиз болуп, ал тургай маяналарыбыз башка тармакта эмгектенгендерге салыштырмалуу өтө төмөн", - деген окумуштуулар академияны Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарып, өз алдынча иш алып барган мекеме катары кайрадан түзүү керектигин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселени эске аларын жана аларды чечүү багытында бир катар тапшырмалар берилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий