• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК Төрагасы Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасына көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашевге жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнүшүнөн улам жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР КЖ басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

“Казакстан Республикасынын Актөбө облусуна караштуу Иргиз районунда жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнгөндүгүнөн улам адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ар бир адам үчүн жакынын жоготуу өтө оор. Биз боордош өзбек эли менен бирге экенибизди билдирип, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, кырсыктан жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”

Пикир

Оставить комментарий