• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК төрагасы Өзгөндүн Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттары өз аймактарындагы маселелер боюнча учкай маалымат берип, райондун инфраструктурасына байланышкан көйгөйлөргө да токтолушту. Анын ичинде жолдорду оңдоо, айылдардын ортосундагы көпүрөлөрдү жаңыртуу жана чек ара маселелери айтылды. Мындан сырткары, айылдык кеңештин депутаттары Жогорку Кеңеш Төрагасынан Өзгөн районундагы бир айылга расмий статус ыйгарууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Анткени ал жак аталган райондогу ири калктуу пункт экенине карабай, айыл статусу юридикалык негизде белгиленген эмес.

Төрага Дастанбек Жумабеков бардык айтылган маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип: “Өз аймактарынын көйгөйлөрүн көтөргөн жигердүү депутаттардын бар экени кубандырат. Андыктан, баарыбыз биргелешип айылдарды өнүктүрүшүбүз керек. Аймактардагы жашоо-шартты жакшыртуу багытында зарыл болгон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн парламент дайыма керектүү мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууда” – деди.

Пикир

Оставить комментарий